10.12.2018 14:15

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйлөрүндө жүргөн тинтүү (тасма)

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйлөрүндө жүргөн тинтүү (тасма)

УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үйлөрүн тинтүү учурундагы тасманы таратты. Эскерте кетсек, Зилалиев 7-декабрь күнү  Кыргызстандан чыгып кетүүгө камданып жаткан жеринен Бишкектеги үйүнөн кармалып, Биринчи Май райсотунун чечими менен эки айга камакка алынган. 

Ага «мыйзамсыз баюу» беренеси менен иш козголгон. Маалыматка караганда, аткаминер 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиевдин башка дагы акча каражаттары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылды.

Андан сырткары Зилалиевдин декларациясында көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Бирок ал мүлктөр жакындарынын атында болгон.

2017-жылдын 17-апрелинде Зилалиевдин жакындарынын бирине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки кеңсе имараты катталган. Алып-сатуу келишимине ылайык, имараттын бири 34 миллион сом, экинчиси 19 миллион сом турат.

Ошондой эле ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда, жумушу жок жакынына Кыргыз жериндеги алтын казылуучу жана бир канча кен байлыктар жаткан жерлердин лицензиясын каттап койгон.